Ысык-Көл облусунун Михайловка жана Кең-Суу айылдарында эки бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Мамлекеттик курулуш тарабынан билдиришти.
Михайловка айылындагы бала бакчанын курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттен каржыланып башталган.
Белгилей кетсек, имарат эки кабаттуу 947 чарчы метрди түзөт.
Ал эми Кең-Суу айылындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттен каржыланып башталган.
Аталган объекттин жалпы аянты 946 чарчы метрди түзөт.