Балага сүйүнчү акчасын алуу үчүн ымыркай төрөлгөн күндөн тартып 6 айдын ичинде арыз тапшырып, ал акчаны 6 айдан кечиктирбей алып кетүү керек. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
"Сүйүнчү акчасын алуу үчүн Калкты тейлөө борборлоруна же никени каттоо органдарына арыз менен кайрылуу зарыл. Арыз бала төрөлгөн күндөн тартып 6 ай ичинде тапшырылышы керек. Ошондой эле акчаны арыз калтырган күндөн тартып эсептегенде 6 айдан кечиктирбей алып кетүү кажет", - деп айтылат маалыматта.
Сүйүнчүгө арыз тапшыруу үчүн паспорт жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү керек. Арызды толтуруп жатканда уюлдук телефондун номерин туура жазуу зарыл. Себеби акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерине билдирүү келет.
Ошондой эле быйыл 9 айда өлкөдө 96 миң 934 ымыркайга "балага сүйүнчү" акчасы берилген. Ага жалпы 388 миллион 977 миң сом жумшалганы маалым болду.
Кошумчалай кетсек, "балага сүйүнчү" ар бир ымыркайга 4 миң сомдон берилет. Ал эми үч же андан көп бала төрөлгөндө, ар бирине 50 миң сомдон төлөнөт.