Бишкекте бильярд боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда бильярд спорту боюнча маалыматтык сайты билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдешке 32 кий чебери катышып, бильярддын “кураштырма пирамида” түрү боюнча күч сынашышты. Финалдык беттеште Ызатбек Раатбеков Зайлан Адамовду 4:0 эсебинде утуп, чемпион аталды.