Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин "Ыйман нуру" фракциясынын лидери болуп Динара Ашимова шайланганы белгилүү болду.
Бул боюнча фракция лидери болгон Динара Ашимова өзү үн катты. Ал фракция лидери кылып партиялаштары бир добуштан колдогонун айтты.
"Азыр отурумда Султанбай Айжигитов официалдуу кабарлады. Регламент боюнча кабарлаш керек. Кечээ өзүбүздүн фракцияда чогулуш өтүп, партиялаштарым менин талапкерлигимди колдоп беришти. Орун басарым Замирбек Мамасадыков ошол эле ордунда калды", - деди Ашимова.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештеги “Ыйман нуру" фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков 30-августта депутаттык мандатын тапшыруу үчүн арыз жазган.
Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы ошол эле күнү Кадырбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.