
Милиция кызматкери болууну кыялданган 10 жаштагы
Бектурганга Ички иштер министринин атынан белектер тапшырылды. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда анын Казакстан менен чектеш жерде мал кайтарып жүргөн видеосу кеңири тарап, коомчулукта
резонанс жараткан.
Анда бала ата-энесине жардам берип, мал жайып жүргөнүн, келечекте милиция кызматкери болууну кыялданарын айткан.
"Бүгүн ички иштер министринин атынан кичинекей Бектурганга белектер тапшырылып, аны билим күнү менен куттуктадык. Ошондой эле келечекте элине кызмат кылган татыктуу милиция кызматкери болууну каалайбыз", - деп билдиришти министрликтен.
Белгилей кетсек, 10 жаштагы Бектурган Бишкек шаарындагы мектептердин бирине которулган.