Маданият министрлиги “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматына катуу эскертүү берди. Бул туурасында бүгүн, 4-сентябрда президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзөв социалдык баракчасынан билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим мамлекет башчысы Садыр Жапаровго шайлоо өнөктүгү учурунда маркум Евгений Пригожиндин жакын адамдары жардам берген деген макаласы себеп болгон. Ал бул макала чындыкка коошпогондугун белгилеген.
"Өз кезегинде дүйнөлүк аудиториясы бар “Азаттык” радиосунун ушак, айың кеп деңгээлиндеги маалыматтарды жайылтуусун терең өкүнүү менен белгилеп, бул ал жакта эмгектенген кызматкерлердин кесипкөйлүгүнө көлөкө түшүрөт деп эсептейм.
Эгерде бул материал "Азаттыктын" Кыргызстандын жогорку жетекчилигин атайылап каралоого багытталган редакциялык саясатынын бир бөлүгү болсо, анда күн тартибине ушундай медиа бизге керекпи деген маселе чыгышы мүмкүн", - деп жазып калтырган Алагөзөв өз билдирүүсүндө.