Кыргызстандын Коргоо министрлигине караштуу 98 840 аскер бөлүгүнүн кызматкери Бекболот Абдумалик уулу рак илдетинен жабыркап жаткан уулуна каражат жактан жардам берүүнү суранып, видео кайрылуу жасады.
Ал үй-бүлөдө жалгыз уул экендигин айтып, чоң суммадагы каражатты топтоо оорчулук болуп жаткандыгын кошумчалаган. Ошондой эле тез аранын ичинде Түркияга операция жасатууга баруу керектигин билдирди.
“4 жаштагы тун уулум Ахмад Балдар онкологиясында эки курс химиотерапия алган. Бирок жыйынтыгы жакшы болгон жок. Андыктан тез арада Түркияга операцияга алып баруу кажет. 3-сентябрда ошол жакта болуп калышыбыз керек эле, каражаттын жоктугунан кечеңдеп жатат. Ата-энем пенсияда, үй-бүлөдө жалгыз уулмун. Коомчулуктан 20, 30, 50 сомдон болсо да жардам сурайм”, - деди ал.
Мындан тышкары УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге да жардам берүү суранычы менен кайрылып, мекен чегинде 8 жылдан бери кызмат кылып келе жаткандыгын билдирген. Ал акыркы Баткен окуяларына катышып, мекенди коргоого салып кошкондугун белгилеп өттү.