Айыл чарба министрлиги эттин баасынын кымбатташы боюнча үн катты

Айыл чарба министрлиги эл арасында эттин баасы кескин түрдө көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу өлкө боюнча мониторинг жүргүзүп, эт азыктарынын баасы тууралуу маалымат берди.

Кечээ, 3-сентябрга карата жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, эт азыктарынын чекене баалары:

- Чүйдө уй эти 523 сом, кой эти - 555 сом, жылкы эти - 520 сом, тоок эти - 300 сом

- Ошто уй эти – 526 сом, кой эти - 586 сом, жылкы эти - 528 сом, тоок эти - 326 сомду түзгөн.

- Баткенде уй этинин баасы - 558 сом, кой эти - 613 сом, жылкы эти - 500 сом, тоок эти - 326 сом.

- Ысык-Көлдө уйдун эти - 523 сом, кой эти - 555 сом, жылкы эти - 520 сом, тоок эти 300 сом.

- Нарында уйдун эти - 515 сом, кой эти - 530 сом, жылкы эти - 501 сом, тоок эти - 310 сом.

- Жалал-Абадда уйдун эти - 519 сом, кой эти - 544 сом, жылкы эти - 501 сом, тоок эти - 288 сом.

- Таласта уйдун эти - 480 сом, кой эти - 543 сом, жылкы эти - 480 сом, тоок эти - 333 сомду түздү.

"Туруктуу рыноктук кырдаалда жана жеткирүүнүн нормалдуу шарттарында баалардын кескин жогорулашы негизсиз көрүнөт. Министрлик элдин тынчсыздануусун түшүнөт жана бул кырдаалга байланыштуу айрым жагдайларды тактоону сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан