Оштун Араван районундагы дарыянын жээгиндеги объектилер буздурулду. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Мамлекеттик курулуштан билдиришти.
Маалым болгондой, Араван-Сай дарыясынын жээгинин Суу коргоо зонасында жайгашкан жеңил жана капиталдык типтеги 25 курулуш объектиси демонтаждалды.
"Мындан ары да шаар куруу жана архитектуралык талаптарга шайкеш келбеген объектерге демонтаждоо иштери күчөтүлгөн тартипте уланат", - деп айтылат маалыматта.