Ысык-Көлдө пансионаттарга баруучу ички жолдор асфальтталууда

Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы “Витязь”, “Лазурный берег” пансионаттарына бара турчу жолго асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин Бостери айылындагы “Жетиген”, “Нур”, “Алтын Кум”, “Толкун” жана “Тулпар” пансионаттарына бара турчу унаа жолго асфальт-бетон төшөлгөн.

Ошондой эле “Кыргызское Взморье” пансионатынан “Аалам” пансионатына чейинки узундугу 1,2 чакырымды түзгөн унаа жол асфальтталган.

Мындан тышкары Сары-Ой айылындагы “Радуга”, “Жалын”, “Ай-Көл” эс алуу жайларына жете турчу жол жасалып, жумуштар жыйынтыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан