Шахмат боюнча Аль-Айне шаарында (БАЭ) өтүп жаткан жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык Дария Ли 31-орунду ээлеп келүүдө. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Белгилүү болгондой, 10 жашка чейинки шахматчылардын ичинен Дария Ли 9-турдун жыйынтыгында карамагындагы 5,5 упай менен 140 шахматчынын ичинен 31-орунду ээлеп келүүдө. Акыркы оюндар 28-декабрга туураланган.
Эске салсак, 9-тур оюндарында андан тышкары өз жаш курактарын боюнча категорияларда Элдияр Орозбаев, Атай Алыбаев, Санжар Азаматов (баары 8 жашта), Адилет Жолдошмаматов, Дария Ли (10 жаш), Руслан Съездбеков (12 жаш), Чингиз Исаев (14 жаш) жана Элина Самудин (16 жаш) жеңүүчү аталышты.