Министрлер кабинети "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагына кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Мамкурулуштан билдиришти.
Мындай чечим архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба тармагында мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынды.
Бул чечим курулуш тармагындагы борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы аракеттерди координациялоону жакшыртууга мүмкүндүк берет.