Эртеңки күнгө карата аба ырайы

Эртең, 5-сентябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +22…+27,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +29…+34,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +22…+27.

"Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +27…+29 градус болот", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан