Туугандары Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө 1986-жылы туулган Аблиллазизова Манзура Хабибиллаевнаны издөөгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.
Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, ал 2023-жылдын 1-ноябрында саат 09:00 чамасында Маевка айылындагы МТФ 390 дарегинен чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
Бул факты боюнча Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө сотко чейинки иликтөө иштери башталды.
Белгилери: бою 170-175 сантиметр, арык денелүү, кара-тору, чачы кара, узун. Жоголгон учурда ал ак өтүк, кара спорттук шым жана кара куртка кийип жүргөн.