Парижде өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында күмүш байге утуп тарых жараткан мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Кара-Балтадагы медресеге барды.
Анын жүрүшүндө кыргыз мушкери медресенин ичи менен таанышып, медресенин ректору, Кыргызстанга белгилүү болгон аалым Абдурахим шейхке Toyota Camry 80 үлгүсүндөгү автоунаасын белек кылды.
Алгач Абдурахим шейх унааны алуудан баш тарткан. Бирок Мунарбек Сейитбек уулу чын жүрөктөн берип жатканын айтканда баш тарта албай, аалым өзү минип жүргөн унаасын кайра мушкерге белек кылды.
Ошондой эле медресенин жамааты Мунарбек Сейитбек уулуна төө мингизип, чепкен жапты.