
Окуу китептеринин электрондук варианттары
https://kitep.edu.gov.kg/kg электрондук китепкана сайтында жайгаштырылган. Мында окуу китептерин компьютер, телефонго жүктөп же кагаз түрүндө басып чыгарып алса болот. Бул туурасында билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 2024-2025-окуу жылында окутуу орус жана кыргыз тилинде жүргүзүлгөн өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдары тарабынан колдонулууга уруксат берилген окуу китептеринин тизмеги министрликтин
https://edu.gov.kg/posts/ сайтында бар.