Бүгүн, 5-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 688 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКсынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 431 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 256 куб метрди түзүүдө.
Ал эми кечээ, 4-сентябрда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 672 миллион куб метрди түзгөн.