Бүгүн, 5-сентябрда Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасындагы терапия бөлүмүнүн курулушуна капсула салынды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, курулуш иштерин Кувейт мамлекетинин “Ас-Сафа Центр” коомдук бирикмеси каржылайт.
"Курулушту келерки жылдын сентябрына чейин бүтүрүү пландалууда. Объекттин сметалык баасы 80 миллион сомду түзүп, толугу менен “Ас-Сафа Центр” коомдук бирикмеси каржылайт. Курулуш иштери аяктагандан кийин зарыл болгон эл аралык класстагы медициналык жабдуулар, жумшак жана катуу эмеректер орнотулат", - деп айтылат маалыматта.
Иш-чарага Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кувейт мамлекетинин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Альшая, оорукананын жетекчилиги жана жамааты катышты.