Бишкек, Талас жана Ысык-Көлдөгү айрым мектептер онлайн окууга өттү (тизме)

Ысык-Көл облусу боюнча беш мектеп жаан-чачындан кийинки селдин кесепеттерин жоюу жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу аралыктан окутууга өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Онлайн режимине өткөн мектептер:

  • Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Ж.Алтымышбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 16-сентябрга чейин;
  • Ак-Суу районунун Черик айылындагы Т.Мамбетакунов атындагы толук эмес орто мектеби 20-сентябрга чейин;
  • Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылындагы Жунуш уулу Жапар атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 15-сентябрга чейин;
  • Жети-Өгүз районунун Кабак айылындагы Ж.Аманбаев атындагы орто мектеби;
  • Ысык-Көл районунун Темировка айылындагы Э.Керимгазиев атындагы №1 орто мектеби аралыктан окутууга өткөрүлдү.

Мындан тышкары, төмөнкү мектертерде оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу окуучулар аралыктан окутулат:

  • Бишкек шаарындагы №60 жалпы орто билим берүү мектеби;
  • Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылындагы А.Арыстанов атындагы орто мектебинин 5-11-класстары;
  • Талас шаарындагы К.Дарданов атындагы №3 орто мектебинин 2-11-класстары жана №5 орто мектебинин 5-11-класстары;
  • Талас облусунун Айтматов районунун Бейшеке айылындагы Т.Айтманбетов атындагы орто мектеби.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан