Жума күнгө карата аба ырайы 

Эртең, 6-сентябрда күндүзү Ош, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу райондорунда жаан жаайт. Чүй, Талас, Нарын Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында күн бүркөк болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12 ... +17, күндүз +18 ... +23,

Талас жергесинде түнкүсүн +9 ... +11, күндүз +19 ... +21,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17 ... +19, күндүз +28 ... +30,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +11 ... +13, күндүз ... +24 ... +26,

Нарын дубанында түнкүсүн +6 ... +8, күндүз +25 ... +27,

Бишкек шаарында күндүзү ала булат каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн +14 ... +16, күндүз +21 ... +23 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан