Бишкекте 150 миллион сомго бүткөн скважиналар ишке кирди

Бүгүн,5-сентябрда Бишкектеги "Баш-Карасуу" суу алгычында 5 скважина ишке киргизилди. Ага өкмөт тарабынан 150 миллион сом каражат каралган. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, бул кошумча 5 артезиан кудуктары калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууга багытталган. Аталган долбоор Ороктун 12 айылын, ЖЭБ-2 конушун, Ак-Өргөө, Ак-Ордо конуштарынын жогорку бөлүгүн, ошондой эле Арча-Бешиктин түштүк тарабын суу менен камсыз кылат. Жаңы скважиналарды кошуу Орто-Алыш суу алгычындагы жүктү бир топ азайтып, Баш-Карасуунун суу өндүрүмдүүлүгүн саатына 500 куб метрге чейин жогорулатат.
"Скважиналарды бургулоо иштери ушул жылдын май айында башталган. Министрлер кабинети аянты 9,3 гектар жер тилкесин бөлүп, трансформациялады, ошондой эле 150 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүндү. Тереңдиги 200 метр жана суу астындагы насостор менен жабдылган. Жаңы скважиналардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн кошумча эки трансформатор орнотулду. Баш-Карасуу айылына суу алуучу жайдан 2,3 чакырым узундуктагы диаметри 159 мм суу түтүгүн тартуу иштери аяктады. Учурда күчөтүүчү насостук станциянын (КНС) курулушу жүрүп жатат, бул долбоорду толук бүткөрүүгө мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев бир катар жетекчилердин коштоосунда барып катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан