Садыр Жапаров алтын сатып алууда байлардын тилеги орундалганын айтты

Кечээ, 4-сентябрда президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Facebook баракчасы аркылуу өлкө башчы Садыр Жапаровдун 30-августта "Кыргыз алтын" ачык акционердик коомунун алтын куймаларын чыгаруучу цехин ишке киргизүү аземине катышканы тартылган видео менен бөлүшкөн.

Анда Жапаров байлардын суранычы менен алтын сатып алууда паспорт талап кылынбай турганын айткан.

"Улуттук банк паспортсуз алтын сатпайт" деп мага бизнесмендер, байлар кайрылды. Алар "биз 10 же 100 килограмм алтын сатып алсак паспорт сурашат" дейт. "Паспортту берип 100 килограмм алтын алсам бүт баары билип, үйүмдүн тегерегинде аңдыгандар көп болот. Анда мен үйдөн чыкпай эле алтын кайтарып жатышым керек" деп айтышууда. Мына эми ошолордун суранычы менен тилегин орундатып жатабыз", - деген ал.

Бүгүн, 5-сентябрда "Кыргыз алтын" ачык акционердик коому Бишкек шаарында алтын куймаларын сата турган дүкөнү ачылганын билдирди. Маалыматка ылайык, Абдумомунов көчөсү, 195 дарегинде жайгашкан дүкөн шаршембиден жекшембиге чейин саат 10:00дөн 19:00гө чейин иштейт.

"1, 2, 10 жана 20 граммдык куймалар бар. Сентябрдын аягына чейин 5 грамм, 31,1 грамм (1 унция), 50 жана 100 граммдык куймалар чыгарылат. Куйманын ар биринде QR-код бар. Баа Лондондогу баалуу металлдар биржасына карап күн сайын жаңыланат", - деп айтылат маалыматта.

05.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан