Өлкөдөгү эң мыкты мектеп аталды

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүү орто мектеби быйылкы жылдын “Мыкты мектеби” болуп аныкталды. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Ага ылайык, республикалык тандоо 5 этаптан туруп, жалпы 122 мектеп катышты.

Тандоо өлкөдөгү мыкты мектептердин алдыңкы иш тажрыйбасынын үлгүлөрүн, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрүн коомчулукка жана кызыкдар мектептер арасында жайылтуу максатында өткөрүлдү.

Бишкекте 26-сентябрда тандоого катышкан жалпы билим берүү уюмдарын сыйлоо аземи өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби “Мыкты мектеп” деп табылып, мектептин бир кабинети заманбап үлгүдөгү технологиялар менен жасалгаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан