Казакстандын Актау шаарындагы №10 Бекжанов атындагы мектебине жети жуп эгиз 1-класска бир учурда барды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Билим берүү мекемесинин директорунун айтымында, мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жатат. Мектепке буга чейин эгиз балдар кабыл алынган, бирок бир эле учурда мынчалык көп түгөй катталган эмес.
"Биздин мектепте буга чейин мындай көрүнүш болгон эмес. Быйыл 7 жуп эгиз бала 1-класска кирип, жалпысынан 0-11-класстар арасында 30 жуп эгиз бала окуп жатат", - деген аталган мектептин директору Назира Акбержанова.
Ошондой эле ар бир эгиз жуп класста бир тууганынын жанында отурганы айтылган.