Мектепке күтүүсүз барган министр окуучуларга сабак өттү

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ысык-Ата районундагы мектептердин биринде окуучуларга сабак өттү. Бул тууралуу видео министрликтин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, кечээ, 5-сентябрда министр Кендирбаева жана Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев Ысык-Атадагы А.Мурсабаева атындагы №4 мектеп-гимназиясы менен Д.П.Зубков атындагы №1 мектеп-гимназиясына барышты.

Министр окуу процессинин уюштурулушу менен таанышып, башталгыч класстардын мугалимдери менен жолугушту. Ошондой эле ал №4 мектептин класстарынын бирине сабак өттү.

Министрлик маалыматта Кендирбаева мектепке күтүүсүз барганын белгилеп өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан