ӨКМ өлкөдө катталган селдин чыгымын эсептеп чыкты

Кыргызстанда ушул жыл ичинде катталган сел кырсыктарында 22 адам каза болуп, материалдык чыгым 1,2 миллиард сомго жетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурсултан Беренбеков "Биринчи Радиого" берген маегинде айтты.

"Акыркы маалыматтар боюнча быйыл республика боюнча 331 сел кырсыктары катталган. Алардын ичинен 92си Баткенде, 84 учуру Ош облусунда, Жалал-Абад облусунда 82, калгандары Ош шаары, Ысык-Көл, Таласта, Чүйдө катталды. Эң аз санда Бишкек менен Нарында болду.

Учурда сел кесепеттерин жоюу иштери Ысык-Көлдө жүрүп жатат" деп билдирди ал.

Беренбеков былтыр, 2023-жылы өлкө боюнча 116 сел кырсыгы катталып, материалдык чыгым 40 миллион сомдон ашканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан