Жылуу кийиниңиз. Ишембиге карата аба ырайы 

Эртең, 7-сентябрда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Бул боюнча Кыргызгидромет борбору кабарлайт.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл өрөөнүнүн батыш тарабында 19-24 метрге чейин жетиши күтүлөт

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6 ... +11, күндүз +13 ... +18,
  • Талас жергесинде түнкүсүн +4 ... +9, күндүз +18 ... +18,
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15 ... +17, күндүз +21 ... +23,
  • Ысык-Көлдө түнкүсүн +7 ...+9, күндүз +15 ... +17,
  • Нарын дубанында түнкүсүн +3 ... +8, күндүз +13 ... +18,
  • Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын табы түнкүсүн +8 ... +10, күндүз +16 ... +18 градус болот.

ӨКМ буга чейин 7-8-сентябрда өлкө аймактарында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү мүмкүндүгүн эскерткен. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

8-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан