Бишкектеги Кыргыз-түрк достук мамлекеттик ооруканасына Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Мындай чечим Режеп Тайып Эрдогандын кыргыз-түрк мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымын таануу иретинде кабыл алынганы айтылды.
Аталган ооруканада медициналык тез жардам кызматы, анестезия бөлүмү, терапевттик бөлүм, гастроэнтерология, жалпы хирургия, пульмонология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, кардиология бөлүмдөрү, мындан башка поликлиника жана радиология бөлүмү бар.
Ошондой эле бейтапкана медициналык кызмат көрсөтүүдөн тышкары илимий иштерди да жүргүзөт.