Бишкекте сейил бактарда соода жайларын ижарага алууга болот

Бишкек мэриясы 6-сентябрдан 11-сентябрга чейин Бишкектин 13 сейил бактарында балмуздак, суусундуктар, кофе, попкорн, таттуу вата, балдар оюунчуктарын сатуу үчүн орундар берилерин жана ижарага алуу үчүн арыздар кабыл алына баштаганын билдирет. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда муниципалитеттен билдиришти.

Төмөнкү парктарда орундар берилет:

- "Ынтымак-1" – 3 орун;
- "Ынтымак-2" – 2 орун;
- "Адинай" – 5 орун;
- Ата-Түрк – 5 орун;
- Ак-Кайың токою – 4 орун;
- Жаңгак токою – 4 орун;
- Жукеев Пудовкин аянты – 5 орун;
- Кара жыгач токою – 12 орун;
- Боталиев – 6 орун;
- Ч.Түлөбердиев – 4 орун;
- Фучик – 5 орун;
- "Жаштар" – 12 орун.
- Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы достук паркы – 4 орун.

"Ижарага берүүгө арыздар 09:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Чокморов көчөсү, 246", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан