Чоң Чүй каналынын жээгин көрктөндүрүүнүн эскиздик сунушу иштелип чыкты. Бул жөнүндө Мамлекеттик курулуш агенттигинен бүгүн, 6-сентябрда кабарлашты.
Маалыматка ылайык, эскиздер агенттиктин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору тарабынан иштелип чыккан. Ал жергиликтүү органдарга сунушталганы айтылды.