Маданият министри Максүтов Казакстандын "Аль-Фараби" медалы менен сыйланды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов Казакстандын "Аль-Фараби" атындагы алтын медалы менен сыйланды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, сыйлыкты коңшу өлкөнүн Эл аралык элдик дипломатия уюмунун башчысы Бахыт Рустемов тапшырган. Максутовго бул медаль дүйнөлүк маанидеги долбоорлорду түзгөндүгү үчүн ыйгарылган.

Казакстандын Эл аралык элдик дипломатия уюму Борбор Азия чөлкөмүнүн көрүнүктүү ишмерлерин этномаданиятка, искусствого, элдик дипломатияга жана элдердин достугун чыңдоого кошкон зор салымы үчүн сыйлап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан