6-7-сентябрда Ысык-Көлдө Улуттук илимдер академиясынын академиги Миталип Мамытовдун төрагалыгы астында Кыргызстан нейрохирургдар ассоциациясынын IV эл аралык конгресси өтөт. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чара нерв системасынын ооруларын дарылоонун алдыңкы ыкмаларын жана инновациялык ыкмаларын талкуулоо үчүн нейрохирургия тармагындагы дүйнөнүн алдыңкы адистеринин башын бириктирди.
"Конгресстин расмий ачылышы 6-сентябрда болду. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышуучуларга дүйнөлүк масштабда нейрохирургиялык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган жемиштүү талкууларды жана тажрыйба алмашууну каалады", - деп белгиленет маалыматта.