Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ассоль Молдокматова Казакстандын "Султан Бейбарс" медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, аталган сыйлык спорттук кийим тигүүчү компаниянын негиздөөчүсү, кыргызстандык Сергей Быковский менен коомдук ишмер Советбек Сакебаевге дагы ыйгарылган. Сыйлыкты коңшу өлкөнүн Эл аралык элдик дипломатия уюмунун башчысы Бахыт Рустемов тапшырган.
Казакстандын Эл аралык элдик дипломатия уюму Борбор Азия чөлкөмүнүн көрүнүктүү ишмерлерин этномаданиятка, искусствого, элдик дипломатияга жана элдердин достугун чыңдоого кошкон зор салымы үчүн сыйлап келет.