Бишкек мэриясы топтолгон таштандыларды өрттөбөөнү эскертти

Курчап турган жана бөлүнгөн аймакты иретке келтирип, чогултулган таштандылардан жана түшкөн жалбырактардан арылуу үчүн от жагуунун кажети жок. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда муниципалитеттен билдиришти.

Маалым болгондой, аймакта күзгү таштандыларды өрттөгөн жеке жана юридикалык жактар муниципалдык инспекция тарабынан мыйзам чегинде жазаланат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 8 айында Муниципалдык инспекция тарабынан өрттөгөндөргө карата 165 протокол түзүлүп, салынган айып пулдун жалпы суммасы 1 миллион 975 миң 500 сомду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан