Бишкекте Л. Толстой көчөсүнүн капиталдык ремонту 2024-жылдын титулдук тизмесине ылайык аяктоодо. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, иштер Фрунзе көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын "Каменные дороги" подряддык уюму тарабынан жүргүзүлүүдө.
Учурда аталган тилкеде шагыл-мастикалык асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.