Бишкек-Москва поезд каттамы качан жанданары айтылды

Бишкек-Москва багыты боюнча эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд каттамдарын 2025-жылга жандандыруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылга карата поезддердин жаңы графиги Бишкек менен Москванын ортосунда эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууну жандандырууну пландаштырууда.

Эске салсак, пандемияга чектөөлөр киргизилгенден кийин Бишкектен Москвага эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд каттабай калган. Пандемиядан кийин Орусиянын Самара станциясына поезд каттамдары жанданган. Ошол эле учурда Москва темир жол түйүнүн масштабдуу реконструкциялоо иштери башталып, Москвага Кыргызстандан гана эмес, КМШнын башка өлкөлөрүнөн да жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин кыймылы убактылуу токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан