Тянь-Шань күрөң аюулары Ысык-Көл тоолорундагы камераларга тартылып алынган. Сүрөттөрдү "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркы жарыялады.
Маалым болгондой, жабдуулар "Илбирс" фонду тарабынан алынып, "Сүт эмүүчүлөрдүн Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу" долбоорунун алкагында орнотулган.