Ош шаардык клиникалык ооруканасына 5 миллион долларлык медициналык жабдуулар берилет  

Саламаттык сактоо министри Ош шаардык клиникалык ооруканасында болуп, жаңы курулуп жаткан клиникалык диагностикалык бөлүмдүн курулуш иштеринен кабар алды. Бул тууралуу кечээ, 7-сентябрда аталган министрликтен билдиришти.

Маалым болгондой, аталган клиниканын курулуш иштери 90 пайызга бүтүп, ушул айдын аягына чейин толук бүткөрүлөт. Бул бөлүмдүн курулушуна жергиликтүү бюджеттен 53 миллион сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, Кытай грантынын алкагында Ошко 5 миллион долларлык 14 аталыштагы медициналык жабдууларды алат. Ал эми кыргыз тарап консультациялык-диагностикалык бөлүм үчүн өзүнчө имарат куруп бериши керек болчу.

"Министр 300 орундуу көп функционалдуу оорукананын имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалып, ага 595 миллион сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 6 633,5 метр квадрат болгон оорукана 3 блоктон туруп, анда кардиология, ортопедия, ЛОР, көз, урология, эндокринология жана терапевтик бөлүмдөр жайгашат. Ошондой эле операциялык жана реанимация бөлүмдөрү, ашкана, кир жуучу жай, кампалар болот", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан