Бүгүн, 8-сентябрда Баткен шаарында III “Ийгиликке кадам” медиа форуму жыйынтыкталды.
Маалымдалгандай, форум “Кыргызстандагы медианын өнүгүүсү: кечээ, бүгүн жана эртең” деген теманын алкагында өттү. Эки күндүк иш-чарада бир катар ийгиликтүү медиалар өз тажрыйбалары менен бөлүштү.
Мындан сырткары медиа айдыңында иштегендер интернет жана санарип доорундагы гезиттердин ролун талкуулашты. Ошондой эле журналистиканын ар кайсы тармагындагы ийгиликтүү долбоорлор, кесипкөйлүктү арттыруу темасында пикир алмашуу болду.
Иш-чарага өлкө аймагынан чогулган журналисттер катышты. Саамалык "Журналисттер" коомдук бирикмеси тарабынан демилгеленип, Кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгын утурлай уюштурулду.
Медиа форум ар эки жылда бир жолу дубандардын биринде өткөрүлүп турат. "Ийгиликке кадам" форуму алгач 2019-жылы Ошто уюштурулган. Экинчиси 2021-жылы Нарын шаарында өткөн. Кийинкиси Ысык-Көлдө өтөт.
SUPER.KG медиа порталы аталган форумдун медиа өнөктөшү болуп эстептелет.