Египетте өткөн олимпиадада кыргызстандык окуучулар күмүш байгеге ээ болушту

Кыргызстандык окуучулар Эл аралык олимпиадада информатикадан байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Кыргызстандык окуучулар эки күмүш жана бир коло байгеге ээ болушту. Жалпы командалык мелдеште Кыргызстан 27-орунду ээледи.

Күмүш медалдарды "Газпром Кыргызстан" мектебинин 8-классынын окуучусу Ян Бобрус жана М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков жеңип алышты.

Ал эми Талас шаарындагы "Манас Ата" лицейинин 11-классынын окуучусу коло медаль алды.

Ошондой эле Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Абдулазиз Лебиев Ардак грамота менен сыйланды.

Белгилей кетсек, мелдеш Египеттин Александрия шаарында өттү. Олимпиадага 92 өлкөдөн 370 окуучу катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан