Кантта спирт ичимдигин ичип отурган жарандар мушташып, бир адам каза болду

Кант шаарында спирт ичимдигин ичип отурган жарандардын ортосунда жаңжал чыгып, анын кесепетинен бир адам бычакталып каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына ылайык, кылмыш 7-сентябрь күнү кечинде болгон. Анда М.Р. жана Б.М. аттуу жарандар пикир келишпестиктен улам 2000-жылы туулган Ш.В. аттуу жаранды экөөлөп бычактап салышкан. Ш.В. Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилип, өзүнө келбей каза болгон.

Аталган факты Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган М.Р. жана 1990-жылы туулган Б.М. аттуу жарандар кармалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан