Кара-Балта жакта курал-жарак сакталган жай табылды

Кара-Балта шаарына жакын жерден ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай аныкталды. Бул боюнча УКМК кабарлады.

Атайын кызмат билдиргендей, анда белгисиз маркадагы арааланган жылмакай мылтык 2 даана, 1 даана (болжолдуу ТОЗ-8 маркасындагы) мылтык, 4 даана белгисиз модификациядагы тапанчалар, 7, 62х54 калибрдеги патрондор 39 даана, 16-калибрдеги патрондор 15 даана, 9 миллиметр калибрдеги травматикалык октор 5 даана, 18х45 калибрдеги октор 4 даана, бычактар 2 даана жана 2 даана DVD дисктер табылган.

УКМК ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан