Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын жогорулатууга мораторий киргизди

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүүгө мораторий киргизди. Тиешелүү жарлык "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.

Маалыматка ылайык, мораторий 2026-жылга чейин киргизилген. Мындай чечим бюджетти натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган.

"Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, президенттин жана министрлер кабинетинин карамагындагы мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, сот системасынын, атайын статуска ээ мамлекеттик бийлик органдарынын, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын чектүү штаттык санын жана кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтүүгө мораторий белгиленсин", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле айрым мамлекеттик кызматкерлердин штаттык саны, айрым категориядагы кызматкерлердин маянасы президенттин өзгөчө чечими менен көбөйтүлүшү мүмкүн экени кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан