"Женго" каймана аты менен белгилүү криминалдык авторитет Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү өлкөдөн чыгууга аракет кылып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-сентябрда чек арадан өтүүгө аракет кылып жаткан учурда "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү жайында Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда киши өлтүрүү менен соттолгон, 1992-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну А.У. кармалды.
"2023-жылы октябрь айында А.У.нун жашаган жеринен жашыруун алып жүрүү үчүн конструкциясы өзгөртүлгөн ок атуучу курал, ок-дарылар табылып алынган. Ошол кезде А.У. укук коргоо органдарынан качып кетүүгө үлгүргөн", - деп айтылат маалыматта.
Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.