ӨКМ эки күн катуу жаан жаап, сел жүрөрүн эскертти

Бүгүндөн тарта нөшөрлөп жамгыр төгүп, кээ бир аймактарда сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-10-сентябрь күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

ӨКМ сел коопсуздук эрежелерин эскертет.

  • арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
  • турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
  • үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
  • сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
  • мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан