Министрлик директорлук кызмат ордуна сынак жарыялады

Билим берүү жана илим министрлиги 12 кесиптик лицейдин директорунун бош кызмат ордун сынак жарыялады. Ага ылайык, документтерди кабыл алуу бүгүн, 9-сентябрда башталып, 20-сентябрга чейин созулат.

Сынактык тандоого катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  • Өздүк арыз;
  • Жарандык паспорттун көчүрмөсү;
  • Кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дареги жана телефондорун көрсөтүү менен);
  • Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
  • Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
  • Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
  • ИИМ тарабынан берилген соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  • 3*4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
  • Белгиленген окуу жайды өнүктүрүү боюнча перспективалык иш планы.
  • Дело №.

Сынак боюнча толук маалымат менен шилтемеден тааныша аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан