Бишкекте Hyundai Sonata унаасы менен скутердин катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы бүгүн, 9-сентябрда билдирди.
Андагы маалыматка караганда, окуя кечээ 8-сентябрда болжол менен саат 21:35те болгон. Анда 25 жаштагы А.А. аттуу айдоочу Hyundai Sonata унаасын Курманжан датка көчөсү менен түндүк багытка башкарып бара жатып скутер менен кагылышкан.
Натыйжада скутердин 18 жаштагы айдоочусу И.Ж. баш мээси чайкалып, оң буту сынып Чүй облустук ооруканасына жеткирилген.
Ал эми учурда унаа каражаттары айып короого токтотулуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдоону эскертет.