Камчыбек Ташиев Чоң-Алайда чек арачылардын балдары үчүн курулган балдар бакчасын ачты 

Бүгүн, 9-сентябрда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы "Кара-Мык" чек ара заставасында 50 орунга ылайыкталган жаңы "Байчечекей" бала бакчасы колдонууга берилди. Анын ачылышына УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев катышты. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Ташиев мамлекет чек арачыларга зарыл шарттарды түзүү менен бирге, жаш муунга татыктуу келечек камсыздоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын белгиледи. Ал тарыхта биринчи жолу чек ара заставасынын аймагында мектепке чейинки билим берүү мекемеси курулуп, иштей баштаганын кошумчалаган.
Маалыматта белгиленгендей, "Байчечекей" бала бакчасы бир жылдын ичинде курулуп, колдонууга берилген. Анда ар кандай курактагы балдар үчүн үч тайпа каралган. Бала бакчага аскер кызматкерлеринин жана жакын жайгашкан аймактардын тургундарынын балдары барышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан