Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Орусиянын Президенттик академиясын аяктады. Бул тууралуу ал социалдык баракчасында видео, сүрөт жүктөп маалымдады.
Ошондой эле эл өкүлү билим алууга эч качан кеч эмес экенин билдирген.
"Окуу, окуу жана окуу. Билим алууга эч качан кеч эмес! Менин жашоомдогу маанилүү этап жыйынтыкталды. Россия Федерациясынын Президенттик академиясын, жетекчилер үчүн мамлекеттик башкаруу магистри багыты боюнча окууну аяктадым. Бул жаңы билимдердин жана тажрыйбанын жолу. Менин максатым - алган көндүмдөрүмдү коомдун жана мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн колдонуу", - деп жазган ал.
Белгилей кетсек, Марлен Маматалиев буга чейин бир нече окууну аяктаган. Алар: