Бүгүн, 9-сентябрда Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банк) тарабынан жалпы суммасы 13,6 миллион долларга каржыланган “Камбар-Ата ГЭС-1 долбооруна техникалык жардам көрсөтүү үчүн кошумча каржылоо” долбоору боюнча кредиттик жана гранттык макулдашууларга кол коюлду. Бул туурасында финансы министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, бул долбоордун максаты, Камбар-Ата ГЭС-1нин техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштыруу, экологиялык жана социалдык изилдөөлөрдү жаңылоо, өнүктүрүү моделин иштеп чыгуу, ошондой эле түзүмдү жана каржылоо планын аныктоо боюнча иштерди аяктоо үчүн кошумча каржылоо болуп саналат.
"Долбоордун алкагында ГЭсти сапаттуу жана бышык куруу үчүн зарыл болгон физикалык моделдөө, текшерүүлөр, жерди изилдөө жана зарыл болгон лабораториялык изилдөөлөрдү камтыган иш-чаралар өткөрүлөт. Кол коюлган макулдашуулардын алкагында Дүйнөлүк банк долбоорду ишке ашырууга 13,6 миллион долларын бөлүүдө, анын ичинде: грант – 2,6 миллион доллары жана кредит катары – 11 миллион доллар берет", - деп айтылат маалыматта.
Маалымат үчүн: Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу жана эксплуатациялоо Кыргызстандагы эң ири энергетикалык объекттин курулушу болуп саналат. Аны куруу долбоорун ишке ашыруу бүтүндөй өлкөнүн энергетика системасы үчүн чоң мааниге ээ.
Долбоор бийиктиги 256 метр таш-сомо плотинасын жана орнотулган кубаттуулугу 1 миң 860 милливатт ГЭСти курууну камтыйт, орточо жылдык өндүрүшү 5,6 миллиард килова́тт/саат жана суу сактагычынын жалпы көлөмү 5,4 миллиард метр куб суу.
Объект Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Нарын дарыясынын орто агымында, Камбар-Ата ГЭС-2 плотинасынан агым боюнча 14,5 чакырым жогору жайгашат.